Өзгөндө шахта урап, 3 кытай жараны каза болду

 Өзгөндө шахта урап, 3 кытай жараны каза болду

20-март күнү Ош облусунун Өзгөн районунда шахта урап, үч кытай жараны каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасында орун алган “АБКЕ” көмүр кен ишканасында катталган.

“Өзгөн РИИБдин жооптуу жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 2022-жылдын 19-мартынан 20-мартына караган түнү 00:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасындагы “АБКЕ” ЖЧКсынын  шахтасында, Кытай Эл Республикасынын жараандары 1971-жылы туулган Ж.Г, 1973-жылы туулган Ж. Ш жана 1973-жылы туулган В. Ж-лар шахтанын ичинде, көмүр казуу иштерин жүргузүп жатышып, казылган жерлердин үстүнкү тарабын катырып жатышканда, катырып жаткан жери көмүр аралаш чоң салмактагы таштар кулап, басып калгындыгы аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.

Андан кийин бирге иштеген Кытай Эл Республикасынын жараандары тарабынан басылган жеринен казылып алынгандыгы такталган.

Бул окуя боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сырттан шахтанын ичине чейинки болжол менен 50 метр аралыкта көчкү болгондугу аныкталган.

Маркумдардын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош областык СМЭ бюросунун эксперттеринин ички изилдөөсүнө берилген.  Иликтөө иштери улантылууда.

Жанылыктар