Өзгөндө мушташтын айынан 14 жаштагы бала көз жумду. Окуя териштирилип жатат

 Өзгөндө мушташтын айынан 14 жаштагы бала көз жумду. Окуя териштирилип жатат

Ош ОИИБдин билдиришинче, ушул жылдын 15-октябрынан 16-октябрына караган түнү Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы мектебинин 9-10-класстарынын окуучулары менен ошол эле айылга кошуна болгон Шагым айылындагы мектебинин 9-10 класстары ортосунда пикир-келишпестиктер болуп, уруш чыккан. Натыйжада Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып алардан бирөө бийиктиктен түшүп кеткендиги аныкталган.

Бийиктиктен түшүп кеткен 14 жаштагы И.К. аттуу бала каза тапканы айтылууда. Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, 16-октябрында саат болжол менен 10:00 чамасында Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги арканын жанындагы бийик жардын түбүнөн 14 жаштагы бала жараат алган абалда табылгандыгын аныкталган.

14 жаштагы өспүрүм алган жараатынан улам, 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

“Эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында маркумдун денеси соттук- медициналык экспертизага жөнөтүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар