Өзгөндө мал уурдоого шектелип төрт жаран кармалды

 Өзгөндө мал уурдоого шектелип төрт жаран кармалды

Өзгөн районунунда жайыттан жоголгон он баш бодо малды уурдоого шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга Өзгөн районунун 43 жаштагы тургуну кайрылып, он баш бодо малын уурдатып, 900 000 миң сомдук чыгым болгонун билдирген.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ишинин алкагында 1-февралда жоголгон малды уурдоого шектелип төрт жаран кармалган. Кылмышка шектүүлөр Өзгөн районунун тургундары 30 жаштагы Х.Ш., 22 жаштагы С уулу З., 30 жаштагы М.М.,  жана 28 жаштагы М.С., экендиги аныкталган. Жогоруда көрсөтүлгөн факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза  кодексинин 205-берененин (уурулук) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөр Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, он баш малдын ордун толтуруу боюнча жана шектүүлөр тарабынан башка кылмышка катыштыгы бардыгын  тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.

Жанылыктар