Өзгөндө эки жерден жер көчкү жүрдү

 Өзгөндө эки жерден жер көчкү жүрдү

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесинде 2 жерден жер көчкү түштү. Жер көчкүнүн көлөмдөрү болжол менен 110 м3 жана 35 м3. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жер көчкүнөн жабыркагандар жок. Турак үйлөргө коркунуч жок жана зыян келтирилген эмес.

Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, жана жеринде тартылган куткаруучулар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жанылыктар