Өзгөндө дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы кыз табылды

 Өзгөндө дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы кыз табылды

Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Диана Маматкалилова Ош шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде каникул учурунда каражат табуу максатында иштеп жүргөн. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, Өзгөн районунун Куршаб айылынын Парпиев көчөсүнүн № 6 үйүнүн тургуну, 37 жаштагы К.Ж арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 29-октябрь күнү 13 жаштагы кызы  Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн келип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Базарга кеткен боюнча кайтып келген эмес. Өзгөндө 13 жашар кыз изделүүдө

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар