Өзгөндө ири жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаратты

 Өзгөндө ири жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаратты

Ош облусунун Өзгөн районунда 1 млн м3 жер көчкү түшүп, 18 турак үйгө коркунуч алып келди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 22-мартта саат 05:00 чамасында Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн  К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.

Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралык калган. Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Былтыр 5-сентябрда КР ӨКМ корутунду чыгарып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.

Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде КР ӨКМнин орун басары А.А.Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда. Ошондой эле Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар