Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго кылмыш иши козголду

 Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго кылмыш иши козголду

Нодирбек Каримов

Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура Өзгөн шаарынын мэри К.Н.Т. 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 м2 жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныктаган.

Бул фактылар боюнча райондук көзөмөл органы тарабынан сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, прокуратура тарабынан К.Н.Т.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген.

Учурда кылмыш иш сотто каралууда.

Ал эми, райондук прокуратура тарабынан жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди.

Жанылыктар