Өзгөн шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге аталган райондун акими кол койгон.
Ал президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун коллегиялык жыйындагы сунушунун негизинде кызматынан алынган.
Буга чейин Каримовгокызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренси боюнча кылмыш иши козголгон.
Райондук прокуратура Өзгөн шаарынын мэри К.Н.Т. 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 м2 жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендигин аныктаган.
Нодирбек Каримов 2013-2015-жылдары Өзгөн шаарынын мэри болуп иштеп кеткен. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Былтыр июнда кайрадан Өзгөн шаарына мэр болуп шайланган.