Өзгөн районунда унаа сайга кулап, эки адам каза болду

 Өзгөн районунда унаа сайга кулап, эки адам каза  болду

Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«29-ноябрда Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа сайга кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам ошол жерде каза болуп, дагы экөө жаракат алган. Алардын өздүгү такталууда», — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар унааны жардан алып чыгышкан. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Жанылыктар