Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет

 Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев декабрда Кыргызстанга келет. Бул туурасында Өзбекстан президенти чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери менен жолуккан учурда маалым болду.

Жолугушууда Мирзиёевге Түштүк Кореянын элчиси Ким Хи Санг, Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын элчиси Бумедиен Геннад, Казакстандын элчиси Бейбут Атамкулов, Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Жонатан Хэник ишеним грамоталарын тапшырды.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элчисине кайрылып, “макулдашылган келишимдердин негизинде чек ара маселелерин жөнгө салуу мурун болуп көрбөгөндөй жалпы ийгилик” экенин белгиледи.

Ноябрда эки өлкөнүн парламенттери өзбек-кыргыз чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу мыйзам долбоорлорун колдогон.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар