Өзбекстандын президенти Акылбек Жапаровду кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.
Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алакаларды активдештирүү маселелерин талкуулашты.