Өзбекстандык жарандын дооматынан кийин “Ош” аэропортунда иштеген 105 таксист суракка чакырылды

 Өзбекстандык жарандын дооматынан кийин  “Ош” аэропортунда иштеген 105 таксист суракка чакырылды

Өзбекстандык жарандын дооматы боюнча “Ош” аэропортунда иштеген 105 таксист суракка чакырылды. Бул туурасында Ош облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.Белгилей кетсек, 3-августта социалдык тармактарда коңшу өлкөнүн тургуну Ильес Рашидов жакындары менен авиабилеттин арзандыгына байланыштуу Ошко учуп келип, аэропорттон жагымсыз окуяга туш болгонун билдирген. Ал таксисттер аларга орой мамиле кылып коркутуп, алты чакырым аралыктагы “Достук” өткөрмө жайына чейин 500 сомдон жол кире алып, алты-жети адам салып кеткенине нааразы болгон. Буга милиция кызматкерлери жана жол инспекторлору көңүл бурбаганын айткан.Милиция текшерүүнүн жүрүшүндө “Ош” аэропортунда такси кызматын көрсөткөн 105 айдоочу иштей турганын тактады.”Баары тергөөгө суракка чакырылып, анын ичинен бүгүнкү күндө 25 таксист көрсөтмө берди. Калгандары да кезек менен келип жатышат. Окуя болгон жайдан видеобайкоого тартылган тасма алынып, Өзбекстандын жараны 21-июль күнү саат 22:45тер чамасында аэропортто шериктери менен болгондугу аныкталды. Ал күнү Рашидовго “жол акысы 500 сомдон болот” деп айткан таксист Кара-Суу районунун Мөнөк айылынын 46 жаштагы тургуну Ильяз Каримбердиев суракка алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар