Өзбекстанда унаанын ичинде өзүн өрттөгөн кош бойлуу аял каза тапты

 Өзбекстанда унаанын ичинде өзүн өрттөгөн кош бойлуу аял каза тапты

Ферганада 24-январда жарандык никедеги күйөөсүнүн унаасында өзүн өрттөгөн 36 жаштагы кош бойлуу аял каза болду. Бул туурасында бүгүн, 25-январда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, күйөөсү жарандык никедеги аялын үйдөн ооруканага алып бараткан. Күйөөсүнө болгон кызганычтан автоунаада уруш чыккан. Мындан соң киши унаасын футбол стадионунун алдына токтоткон. Ошол маалда аял өзү менен кошо ала келген бөтөлкөдөгү бензинди автоунаанын ичине чачып, өрттөп жиберген.

“Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, өрттү ыкчам өчүрүшкөн, тез жардам станциясынын дарыгерлери болсо аялдын жаңы төрөлгөн баласын аман алып калышкан. Бирок ымыркай ооруканада чарчап калган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратура “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары башталды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар