ОшТВ телерадиокомпаниясы

 Өзбекстанда ток-шоулар көзөмөлгө алынат

  Өзбекстанда ток-шоулар көзөмөлгө алынат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-ноябрда Ташкент шаарынын Шайхантахур районуна иш сапар менен барганда өлкө телеканалдарында көрсөтүлгөн айрым ток-шоулорго сын айтылды.

Жолугушууда   Sevimli телканалындагы “Mahallada duv-duv gap” жана “Yor-yor”  көрсөтүүлөрү өзбек калкынын салт-санаасына каршы келээри айтылган.

Озбек маалымат каражаттары  билдиргендей,  мындай билдирүүдөн кийин президент премьер–министрге бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну тапшырган.

Sevimli телеканалындагы  Mahallada duv-duv gap ток-шоусунда негизинен үй-бүлөлүк, кээде соцалдык маселелер талкууланат. Ал эми  Yor-yor ток-шоусу орусиялык “Давай поженимся” көрсөтүүсүнүн аналогу болуп эсептелет.

Буга чейин президенттин кийлигишүүсү менен Өзбекстанда чет өлкөлүк сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салынган. Жеке телеканалдарга сериалдардын ордуна өзбек элинин менталитетине шайкеш келген фильмдерди көрсөтүү буйругу берилген.

Жанылыктар