Өзбекстанда ачыктык саясатын сактабаган аткаминерлерге айып пул салына баштайт

Өзбекстанда мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктуулугу тууралуу мыйзамды бузган кызмат адамдарына үчтөн бешке чейинки базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салына баштайт.
Юстиция министрлигинин Telegram-каналы кабарлагандай, тиешелүү нормага өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 3-августта кол коюп, ал Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилди.
Өзбекстанда 1-июндан бери базалык эсептик көрсөткүч 300 миң сум (27 доллар) деп белгиленгенин эске алсак, анда ачыктуулук саясаты тууралуу мыйзамды бузган аткаминерге 900 миң сумдан 1,5 миллион сумга чейинки өлчөмдө (82-140 доллар) айып пул салынышы мүмкүн.
Документке ылайык, эгер кызмат адамы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктуулугу тууралуу мыйзамды бузганы аныкталса, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги ага карата административдик укук бузуу тууралуу протокол түзөт.