ОшТВ телерадиокомпаниясы

Өзбекстан журналисттер менен блоггерлерге Казакстандагы окуяларды чагылдырууга тыюу салды

 Өзбекстан журналисттер менен блоггерлерге Казакстандагы окуяларды чагылдырууга тыюу салды

Өзбекстанда журналисттер менен блоггерлерге Казакстандагы окуяларды толук чагылдырууга тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттык” жергиликтүү блоггерлерге шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармактардагы активисттер укук коргоо органдарына чакырылып, «бул теманы азыраак жазуусун», «видеолорду таркатпоону», «митингге чакырбоону» суранышууда.

Белгиленгендей, коңшу өлкөдөгү окуяларды чагылдырууга тыюу Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан киргизилген.

5-январда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү тараткан.

«Биз Казакстан Республикасынын акылман эли туруксуздуктун күчөшүнө жол бербөөгө, зордук-зомбулукка жана адам курмандыктарына жол бербөөгө кудурети жетет деп ишенебиз», – деп айтылат текстте.

Эске сала кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын күчтөрү жөнөтүлгөн.

Бүгүн ЖККУнун Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктаганы белгилүү болду. Аскерлерди чыгаруу эки күндөн кийин башталат.

Жанылыктар