Өзбекстан Түркияга кошумча кутаруучулар тобун жөнөттү

 Өзбекстан Түркияга кошумча кутаруучулар тобун жөнөттү

Өзбекстан Түркияга 71 кишиден турган кошумча куткаруучулар тобун жөнөттү. Бул туурасында өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Курамында куткаруучулар жана медицина кызматкерлери бар топ Түркиянын Газиантеп шаарындагы издөө-куткаруу иштерине катышары кабарланды.

ТИМдин маалыматына караганда, Өзбекстан куткаруучулар менен бирге дагы бир партия гуманитардык жардам жөнөттү.

Ташкент мындан тышкары бир гектар аянтка мобилдик оорукана комплексин ачууну пландап жатат. Анда өлкөнүн Коргоо министрлигинин 50 медициналык кызматкери иштейт. Талаа ооруканасын бардык керектүү жабдыктар жана дары-дармектер менен Өзбекстан толук камсыздайт.

Буга чейин Өзбекстан эки учак менен Түркияга гуманитардык жардам жана 100 куткаруучу жөнөткөнү кабарланган. Учурда алар Хатай шаарындагы издөө-куткаруу иштерине катышууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар