Өзбекстан Сенаты: Москвада митингге чыккан мигранттардын иши көзөмөлгө алынды

Москвада митингге чыккан өзбек мигранттарынын иши Өзбекстан Сенатынын Адам сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү боюнча улуттук комиссиясынын көзөмөлүнө алынды.
Сенаттын расмий сайтындагы кабарга ылайык, митингге чыккан өзбекстандыктарга практикалык жардам көрсөтүлүүдө. Ошол эле маалда билдирүүдө “практикалык жардам” кандай экени жана ага эмнелер кирери так жазылган эмес.
Эске салсак, 23-февралда “Настоящее время” телеканалынын “Азия” берүүсүндө Москвада миңдеген өзбек жана тажик мигранттары Crocus Group компаниясына каршы митингге чыкканы кабарланган. Алар аталган компания жумучуларга төрт айдан бери айлык төлөбөй жатканына даттанышкан. Чогулгандарды таркатуу үчүн компаниянын күзөт кызматы асманга ок атканы кабарланган.
Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттигинин маалыматына караганда, бул окуяда жабыркаган жана камакка алынгандардын арасында өзбек мигранттары жок.
“Ишкананын жетекчилиги жарандар менен жолугуп, аларга айлыктарын толугу менен төлөп берүүнү убадалады”, – деп жазылган расмий билдирүүдө.