Өзбекстан мобилизациядан качкан орусиялыктардын маселеси боюнча пикирин билдирди

 Өзбекстан мобилизациядан качкан орусиялыктардын маселеси боюнча пикирин билдирди

Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги мобилизациядан качып келген орусиялыктар боюнча абалга комментарий берди.

Министрликтин билдирүүсүндө “Россия Федерациясынын жарандарынын санынын Өзбекстандын аймагында көбөйө баштоосу, алардын биздин өлкөдө жүрүшү мыйзамдар менен, эки тараптуу жана көп тараптуу укуктук келишим актылары менен жөнгө салынат. Арасында алардын ыктымал экстрадициясы да бар”, — деп айтылат.

ТИМдин билдирүүсүндө укук бузбаган чет өлкөлүк жарандарды күч менен депортациялоо болбой турганы белгиленген.

21-сентябрда Россия президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин миңдеген орусиялыктар, башка өлкөлөргө анын ичинде Өзбекстанга жер которушкан.

Орус жарандарынын жапырт агымынан кийин Ташкентте турак жай ижарасы кымбаттады.

Жанылыктар