Өзбекстан бийлиги калкка 350 миң кой-эчки таратат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мал чарбачылыгындагы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоого арналган видеоконференцияда кооперациянын негизинде калкка 350 миң баш кой-эчкини бөлүштүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Шерзод Асадов билдирди.
Мирзиёевдин айтымында, бул долбоорго 100 миллион доллар бөлүнөт.
Мамлекет башчысы быйылкы жылы мал чарбачылыгында 300 миңден кем эмес, кой-эчки чарбасында 150 миң, жибек чарбада 1 миллион 200 миңден кем эмес адамды иш менен камсыз кылууга болоорун белгиледи. Жалпысынан 1 миллион 650 миң адам жумушка орношо алат.
Финансылык жактан колдоонун бир катар чаралары да белгиленди. Ушул айдан тарта чет элдик кредиттик каражаттар 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 10 жылдык мөөнөткө бөлүнөт, өндүрүшчүлөр кредит боюнча ставканын 14 пайыздан ашкан бөлүгүндө компенсация өлчөмдөгү кепилдик ала алышат. Насыянын суммасынын 50 пайызын, ошондой эле гидропоникалык тоюттарды даярдоочу жабдууларды сатып алууга кеткен чыгымдардын 20 пайызын компенсациялайт.
Быйылкы жылдан баштап асыл тукум кой-эчкилерди сатып алууга, сүттү, этти, жүндү кайра иштетүүгө, тоют цехтерин түзүүгө жеңилдетилген кредиттер бериле баштайт. Бул кредиттер акимдердин жардамчыларынын сунушу менен калкка 50 миллион сомго чейин жана күрөөсүз бөлүнөт. Пайыздык төлөмдөрдүн жарымы компенсацияланат.