Өз күчүн ар бир иште сынаган үлгүлүү айым

 Өз күчүн ар бир иште сынаган үлгүлүү айым

Бул жолку каарманыбыз Элмира Тентимишова үч баланын жалгыз бой энеси. Кийим токуп, үй шартында торт жасоону өздөштүрүп, буюртма алып жеке ишкердик да кылат. Бул жумуштардан сырткары “Айымса” балдар бакчасында жетекчи кызматын да аркалайт.

Элмира Тентимишова Ош шаарынын Төрөбай Кулатов кичи шаарчасынын тургуну. Жалгыз бой эне болгонуна карабай балдарына татыктуу тарбия берип, аялдарга тийиштүү кандай иш-чара болбосун ага катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүп, пайдалуу иштердин үстүнөн чыгат. Өзүн ар тараптан сынап, ар дайым тынымсыз аракетте жүргөн айым, адатынча өзүнүн сүйгөн иши – торт жасоо менен бирге биз менен маек курду.

“Торт жасоого аябай кызыкчумун. Өз алдымча жасап жүрүп, кийинчерээк атайын Бишкекке барып окуп келдим. Тортту жасоону үйрөнүп келип, буюртма ала баштадым. Жакын туугандарымдан сырткары, кошумча кардарлар да чыга баштады. Торт жасап сатуу менен кошумча киреше таап, иштеп жүрдүм. Адал иш болгондуктан акчасы да берекелүү болот. Сонун жумуш болгондуктан сүйүп жасаймын.

Буга чейин токуп да иш кылгам. Кечиндеси токуп коюп, эрте менен базарларга таратчумун. Бир жумадан кийин акчасын чогултуп алат элем. Эми аракет кылып акча табам десең мүмкүнчүлүктөр жана булактар көп эмеспи. Менин иштебеген жерим калбады окшойт (күлүп).

Мен Ош мамлекеттик университетитинин орус тили адистигин бүтүргөм. Негизги кесибим филолог-педагог болгондуктан кайра эле бала бакчага кайтып келдим. Буга чейин “Жасмина” балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеп жүрсөм, учурда “Айымса” жеке менчик балдар бакчасында жетекчимин. Иштеп жүрүп, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы сыяктуу бир топ сыйлыктарга ээ болдум. Биз ар дайым өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп турбасак аркада калабыз. Ошондуктан быйыл магистратурага тапшырайын деп ниет кылып турам.

Адам негизи ар бир жасаган жумушунан бакыт издеши керек. Мисалы, мени башкалар, “каякта иштейсиң?” деп сурашат. “Бала бакчада” деп жооп берсем, “айий, бала бакчада кыйын го, нерв калбай калгандыр” деп айтып калышат. Бирок, андай эмес. Менин мүнөзүм да токтоо болгондуктан, мен үчүн андай сезилбейт,- деди ал.

“Мотурайган бөбөктөр бөлмөгө чейин издеп келип алышат”

“Биз балдарды бир жарым жаштан кабыл алабыз. Мотурайган бөбөктөр бөлмөгө чейин издеп келип алышат. Бала бакчада алар менен өзүнчө бакыт. Ошондуктан аял киши ар бир жасаган жумушунан бакыт издесе эле, эч качан жадабайт деп ойлойм. Бул жумуштар менен чектелбей, бошогонумда эле кайрымдуулук иштери менен алектенем.

“Элим барсыңбы?”, “Үмүт жарыгы” кайрымдуулук фонддорунда ыктыярчы болуп иштейм. Өзүмдүн колумдан келишинче жардамымды сунам. Кээде материалдык мүмкүнчүлүгүм болгондо акчалай, болбосо фонддун иш аракеттерине жардам көрсөтөм. Башка дагы колдоого муктаж аялдарга жардам көрсөтүү максатында аялдар боюнча кандай иш-чара болбосун ага катышканга аракет кылам. Аялдарды аялдар түшүнөт да, колдошот, мотивация берип, кеп-кеңештерин айтышат. Эми баарын тегиз колдойбуз деп айта албайм, бирок, көзгө көрүнүп калганын же болбосо угуп калганыңа сөзсүз түрдө жардам беребиз”,- деди ал.

“Кичинекей уулум төрөлгөндө жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнбүз”

“Менин эки кызым жана бир уулум бар. Кичинекей уулум төрөлгөндөн кийин жолдошум менен эки жолго түшкөнбүз. Мага мотивация берип, алдыга сүрөп турган ушул балдарым. Жалгыз бой эне болсом да аларды тынч аурада чоңойтуп, татыктуу тарбия берип жатам деп ойлойм. Ата-эненин баскан-турганы, сүйлөгөнү , кыймыл-аракетинин баары балдардан чагылдырылып турат эмеспи. Ошондуктан мен балдарымды тарбиялап, аларга үйрөтөрдөн мурун өзүмө көңүл буруп, өзүмдү тарбиялайм”,- деди Тентимишов.

Даярдаган: Кулпунай Мамасалиева

Жанылыктар