Өз өмүрүн кыюууга аракет кылган 21 жаштагы кыз куткарылды

 Өз өмүрүн кыюууга аракет кылган 21 жаштагы кыз куткарылды

Борбор калаанын Биринчи май районундагы  Манас проспектисинде жайгашкан №41а көп кабаттуу үйүнүн 8-кабатынан  боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган кыз 21 жашта.  Ал батирдин балконунан секирүүгө аракет кылган.

Маалыматта айтылгандай, ИИМ кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган кызды түшүрүшүп тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Штаб, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.

Жанылыктар