Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн жаран кармалды

 Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн жаран кармалды

30-мартта өзүн улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери жана төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып жүргөн Эрматов Осмонали Абдулхашимович атту жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айында аталган адам Суранов Равшан аттуу Тажикистан Республикасынын жараны аркылуу Сарыбаев Жангазы Алибаевичтин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Жана ошондой эле Эрматов О.А. КР УКМКнын Борбордук аппаратында иштегенин, анын иш бөлмөсү КР УКМК төрагасынын иш бөлмөсүнө жакын жайгашкандыгын билдирген.

Бул факты боюнча О.А. Эрматовго карата 2022-жылдын 30-мартында КР УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жанылыктар