Өзүн сот аткаруучу катары тааныштырып, жарандардан акча талап кылууга шектүү кармалды

 Өзүн сот аткаруучу катары тааныштырып, жарандардан акча талап кылууга шектүү кармалды

Өзүн Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери катары көрсөтүп, жарандардан акча талап кылууга шектелген адам кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 16-февралында Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал М.Ш аттуу жарандан, Кыргызстандын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар