Өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча экинчи шектүү кармалды

 Өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча экинчи шектүү кармалды

Буга чейин өспүрүм кызды зордуктоого шектелип «Алтын Казына» кафесинин кызматкери кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка катыштыгы бар экендиги такталып, 1996-жылы туулган Т.М. аттуу экинчи шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын зордукталганын айтып, чара көрүүнү суранган.Арыз Аламүдүн милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.Окуянын жагдайы боюнча адамдар такталып, алар суракка алынып көрсөтмөлөрүн беришкен. Ошондой эле тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Учурда тергөө уланып жатат.

Жанылыктар