Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

 Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу  президенттик аппараттан тастыкташты.

Өмүрбек Текебаевдин элчиликке талапкерлиги парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизилген жок. Буга чейин президенттин басма сөз кызматы жаңы Баш мыйзамга ылайык, президент элчилерди тармактык комитеттин кароосуз дайындай аларын билдирген.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп буга чейин Эрлан Абдылдаев иштеп келген. Ал 2020-жылы июль айында дайындалган.

Жанылыктар