Өлкөдөгү мектептердин бардыгына аскерге чейинки даярдык сабагы киргизилет

 Өлкөдөгү мектептердин бардыгына аскерге чейинки даярдык сабагы киргизилет

Кыргызстандагы мектептердин бардыгына аскерге чейинки даярдык сабагы киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев билдирди.

Тердикбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө бул сабак өлкөнүн айрым мектептеринде өтүлөт.

“Аскерге чейинки даярдык сабагы калган мектептердин окуу программаларына дагы киргизилет. Бул боюнча учурда даярдыктар жүрүп жатат. Ал үчүн мугалимдерге кошумча штат бөлүп берүүгө билим берүү министрлиги менен макулдашып жатабыз”,-деди Эрлис Тердикбаев.

Депутаттар аталган демилгени колдой турганын билдиришти. Ошондой эле Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчисин сабактар канча мектепке кирди, канчасына кирген жоктугу тууралуу жыл жыйынтыкталганда маалымат берип коюуга чакырды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар