ОшТВ телерадиокомпаниясы

Өлкөдө тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачылат

 Өлкөдө тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачылат

Кыргыз өлкөсү 2022-жылы тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачат. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

“Тамчылатып сугаруу боюнча суроо-талап өсүп жатат. Керектүү жабдууларды чыгаруу үчүн инвесторлорду тартуунун үстүндө иштеп жатабыз. Завод мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иштей алат. Айыл Банк дагы фермерлерге скважиналарды оңдоо жана жабдууларды сатып алуу үчүн лизингди берет”, – деди министр.

Жанылыктар