Өлкөдө СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө башталды

 Өлкөдө СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө башталды

Кыргызстанда СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө башталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19 маалынын эпидемиологиялык күчөшү учурунда Саламаттык сактоо министрлиги калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда.

Вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн толук курсун (1, 2-доза) алган бардык жарандар ала алышат.

“Бустердик дозаларды Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген вакциналар менен алса болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү санда. Мүмкүн болушунча көп адам ооруканага жаткыруудан жана COVID-19дун кесепети алып келген өлүм учурларынан коргонуусу үчүн ССМ ар бир адамга экинчи бустердик дозаны колдонуу чечимин кабыл алды. Айрыкча 4-доза өнөкөт оорулары бар адамдарга жана 60 жаштан ашкандарга сунушталат.”, – деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар