Өлкөдө “омикрон” штаммы катталган жок. COVID-19 боюнча соңку статистика

 Өлкөдө “омикрон” штаммы катталган жок. COVID-19 боюнча соңку статистика

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы аныкталган жок. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аныкталган COVID-19 учурларынын 97 пайызы “дельта” штаммы.

Бүгүн, 20-декабрга карата коронавирус дагы 23 адамдан аныкталды. Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 19, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 29 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 338 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 218 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 311 киши айыгып чыкса, 2 миң 784 адам каза болду.

Соңку суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 155 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 411 адам вакцинанын биринчи дозасын, 744 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 186 миң 334 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 973 миң 312 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Жанылыктар