Өлкөдө малды жана үй канаттууларын саноо башталды

Кыргызстанда малды жана үй канаттууларын саноо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Бул санакты каттоочулар жүргүзөт.
«Алар ар бир дыйкан-фермердик чарбанын, шаардык жана айыл жерлериндеги дачалык участкалардын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын жана башка өзүнчө жайгашкан объектилердин короосуна кирип, санап чыгышат», — дешти министрликтен.
Райондор боюнча кыскача жыйынтык 2022-жылдын 24-январында, ал эми өлкө боюнча жалпы жыйынтык 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот.