Өлкөдө кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

 Өлкөдө кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кыргызстанда кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бул туурасында Ош электр тармактар ишканасынын жетекчиси Эмилбек Ысманов ОшТВнын эфиринде билдирди.

Ысманов Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу көп экенин айтып, ошондуктан электр жарыгын берүүдө чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок экенин белгиледи.

“Былтыр кыш мезгилине 11,8 млрд метр куб суу менен киргенбиз. Быйыл Токтогул суу сактагычында 13 млрд 644 млн метр куб суу бар. Бул өткөн жылдагыга караганда жакшы көрсөткүч. Бирок нормага дагы деле жете элекпиз, тартыштык бар. Ошондой болсо дагы кыш мезгилинде электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбейт”,-деди Ош электр тармактар ишканасынын жетекчиси.

Белгилесек, өлкөдө норма боюнча электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн 18 млрд метр куб суу керектелет.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар