Өлкөдө ири ГЭСтерди куруу процессин тездетүү маселеси талкууланды

 Өлкөдө ири ГЭСтерди куруу процессин тездетүү маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата ГЭСи өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өтө зарыл болгон эң ири энергетикалык объект болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, мындан төрт ай мурун президент Садыр Жапаров тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилген, анда көпүрө, туннель, жолдор, көмөк чордон жана вахталык шаарча курулушу камтылган.

Андан бери долбоорду каржылоо маселеси чечилди – жылдарга бөлүү менен 1 млрд 555 млн 600 миң сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн. Ошондой эле башкы подрядчы – «Нарынгидроэнергокурулуш» ачык акционердик коому аныкталды.

Буга байланыштуу тиешелүү министрликтердин жетекчилерине заманбап технологияларды жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен мурда иштелип чыккан техника-экономикалык негиздемени жаңылоо боюнча ишти тездетүү тапшырылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар