Өлкөдө эт азыктарынын сапаты QR-код аркылуу текшерилет

 Өлкөдө эт азыктарынын сапаты QR-код аркылуу текшерилет

Кыргызстанда эт азыктарынын сапаты QR-код аркылуу текшерилет. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

“Жарандар  эттин сапатын, малдын жашын, ал кайдан келди, качан союлду, эт азыгы тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баарын QR-код аркылуу биле алат”, – деп айтылат маалыматта.

Мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.

 

Жанылыктар