Өлкөдө эл каттоо башталды. Даттануулар үчүн ишеним телефону да уюштурулду

 Өлкөдө эл каттоо башталды. Даттануулар үчүн ишеним телефону да уюштурулду

Кыргызстанда бүгүн, 25-мартта элди жана турак жайды каттоо жараяны башталды. Анын биринчи этабы 3-апрелге чейин уланса, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин болот.

Республикалык масштабдагы каттоодо атайын даярдыктан өткөн адистер он күн бою үймө-үй кыдырышат. Каттоочу кызматкерлерге атайын күбөлүк жана QR код берилет, андыктан түрдүү алдамчылардан сак болуу үчүн чыныгы каттоочуларды ошол документтери аркылуу текшерсе болот.

Каттоодон өтүү үчүн эч кандай документ талап кылынбайт. Ар бир адам кайсы жерде жашаганы тууралуу эмнени айтып берсе, ошол малымат атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемеге дароо жүктөлөт.

Кыргызстанда жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар да каттоодон өтөт. Чет жактагы мекендештер бир жылга чейинки мөөнөткө кеткен болсо каттоого алынат. Ал эми бир жылдан ашык убакытка болсо, анда Кыргызстандын калкынын санына кирбейт.

Жалпысынан 40ка жакын суроо берилет. Мында үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо шарты, киреше булагы, коронавирус, үйдүн дубалдарынын материалы сыяктуу  ж.б.у.с. Алардын баарына бир үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.

Статистика боюнча улуттук комитет элди жана турак жай фондун каттоого байланышкан маселелерди кабыл алуу үчүн ишеним телефонун уюштурду. 1216 кыска номериндеги Call-борбор 10-майга чейин иштейт. Аны тейлөөгө Статкомдун кызматкерлери тартылган. Ишеним телефону иш күндөрү күн сайын саат 8.30дан 18.00гө чейин, ал эми эл каттоо өткөрүлүп жаткан мезгилде 8.30дан 20.00гө чейин иштейт.

Белгилүү болгондой, каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

 

 

Жанылыктар