Өлкөдө дары-дармектин жетишсиздиги болбойт

 Өлкөдө дары-дармектин жетишсиздиги болбойт

Кыргызстанда дары-дармектин жетишсиздиги жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында Дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Украинадагы кырдаалга байланыштуу дары-дармек жеткирүүдө көйгөйлөр байкалган, бирок фармкомпаниялар Россия жана Түркиядан альтернативдүү жеткирүүчүлөрдү табышты.

“Азыркы учурда өлкөгө дары-дармек ташып келинүүдө жана жеткиликтүүлүк боюнча кыйынчылыктар жана анын жетишсизди жок”, – деди ал.

Жанылыктар