Өлкөдө бир нече банк россиялык «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү токтотту

 Өлкөдө бир нече банк россиялык «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү токтотту

Соцтармактарда «Компаньон», «Дос-Кредобанк» жана «Бакай банк» коммерциялык банктары россиялык «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтоткону жөнүндө маалымат пайда болду.

«Азаттыктын» кабарчысы банктардын колл-борборлору менен байланышканда, алар «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү токтотушканын тастыкташты.

«Дос-Кредобанк» бир катар россиялык банктар менен кызматташууну токтотуу жөнүндө чечим 17-октябрда кабыл алганын кабарлады. «Тилекке каршы, бул чечимдин себеби бизге белгисиз»,- деп белгилешти банктан.

Бул арада «Компаньон» банкы «Мир» карталарынын колдонуучуларын тейлөөнү 4-октябрда эле токтоткону белгилүү болду. Каржы мекемесинин колдоо кызматы мунун себебин түшүндүргөн жок, болгону чечимди жетекчилик кабыл алганын белгиледи.

«2022-жылдын 4-октябрынан тартып биз бир катар орус банктары: «Сбербанк», «Альфа банк», «Газпромбанк», «Совкомбанк» жана калган 20 банк менен кызматташууну токтоттук»,- деп белгиледи «Компаньон».

«Бакай банктын» колдоо кызматы орусиялык бардык каржы мекемелери менен кызматташууну токтотконун белгиледи.

Улуттук банкттан ар бир банк өз алдынча чечим кабыл аларын билдиришти.

21-сентябрда Казакстандын Улуттук банкы да Россиянын төлөм системасынын “Мир” карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын кабарлаган. 19-сентябрда Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank банктарында да россиялык аталган карта иштебей калган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар