Өлкөдө авариялык абалдагы 245 мектеп бар

 Өлкөдө авариялык абалдагы 245 мектеп бар

Өлкө аймагында авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ведомство аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында авариялык мектептер аныкталган.

“Учурда алардын саны 245ти түзөт. Азыр 58 мектеп калды, алар бир дагы тизмеге кирген жок. Калган мектепте оңдоо иштери жүрүүдө”, – деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары республикадагы, ошондой эле Баткендеги мектептерди оңдоого 15 млн сом бөлүп берүү маселесин Каржы министрлигине карап чыгуу сунушталгандыгын кошумчалады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар