Өлкөдө 70 Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору ишке кирди

 Өлкөдө 70 Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө старт берди.

Иш-чаранын алкагында билим берүү программалары өтүп жаткан өлкө боюнча китепканалардын жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 борбор менен түз байланыш уюштурулду.

Ошондой эле АКШдагы Борбордук Азиялык IT форумуна катышып жаткан кыргызстандык IT делегациясы менен түз байланыш уюштурулду. Ал жакта мекендештер Кыргызстандын IT имиджин илгерилетип, ата мекендик IT тармагына инвестиция тартууда.

Мындай санариптик долбоорлор алыскы райондордогу жашоочуларга билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, электрондук тейлөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Жанылыктар