ОшТВ телерадиокомпаниясы

Өлкөдө 40 миңдей адам эң аз пенсия алат, 1500 сом

 Өлкөдө 40 миңдей адам эң аз пенсия алат, 1500 сом

Кыргызстанда пенсиянын эң жогорку көлөмү 179 миң сом. Ал эми эң азы 1500 сом. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда өткөн брифингде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, эң жогорку пенсияны Кыргызстанда бир гана адам алат. Мыйзамга ылайык, ким аларын ачык айтууга тыюу салынат.

Ал эми, стажы жок 40 миңге жакын адам эң аз көлөмдөгү пенсия алат.

Өлкөдө пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 340 сомду түздү. Пенсиялардын орточо өсүшү 455 сомдон болду.

Жанылыктар