Өлкөдө 233 миңден ашык гектардан буудай жыйналды

 Өлкөдө 233 миңден ашык гектардан буудай жыйналды

Буудайды оруп-жыйноо иштери аяктады. Быйыл өлкө боюнча 233,7 миң гектарда буудай (99,8%) жыйналды. Бул тууралуу өкмөттүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо маселеси боюнча жыйынында белгилүү болду.

“Оперативдүү маалыматтар боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди (өткөн жылы гектарына 14,7 центнерден) түзүп, былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсеге өскөн”, -деп айтылат маалыматта.

Былтыр дан эгиндери 230,7 миң гектар аянтка эгилген.

Белгилесек, Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү толук камсыздай албай келет. Өлкө ички керектөө үчүн талап кылынган буудайдын 90 пайызын Россиядан ташып келчү. Россия менен Украинанын кагылышуусунан улам республикада баанын кымбатташына алып келген.

Жанылыктар