Өлкөдө 160 миңден ашык бала мектеп босогосун аттады

 Өлкөдө 160 миңден ашык бала мектеп босогосун аттады

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстанда 160 миңден ашуун бала мектеп босогосун аттады. Бул туурасында билим берүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, мектептерде алгачкы коңгуроо кагылып, “кыргыз жараны” деген теманын алкагында ачык сааттар өтүлүүдө.

Жаңы окуу жылына карата окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңден ашты. Аларга 82 миңден ашык мугалим таалим-тарбия берет.

Белгилей кетсек, өткөн жылы пандемиядан улам жана туристтик сезонду узартуу максатында жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталган эле.

Жанылыктар