Өлкө боюнча УКМКнын 50дөй жаңы имараты курулганы айтылды

Кыргызстанда соңку учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 50дөй жаңы имараты курулду. Бул тууралуу комитет төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына курган маегинде билдирди.
Ал жер-жерлерде кызматкерлер кимдир бирөөнүн үйүндө жашап, башка мекемеде жана китепканаларда иштеп келатышканын белгилеген.
«УКМКнын бир дагы имараты курулган эмес. Өткөн жылдан бери биз муну колго алып, өлкө боюнча 50гө жакын имарат курулду. 150дөй машина жана 100 атайын техника, көптөгөн жаңы жабдуулар алынып, ишке берилди».
Өткөн жылдын сентябрынан тарта Кыргызстандын ар кайсы аймактарында УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулган. 3-мартта Бишкекте комитеттин академиясынын курулушу башталды.
УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте, Талас облусуна дагы үй салына баштады.