Өлкө боюнча мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады.
Аталган кызматтан билдиришкендей, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы жана 2022-жылдын 7 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн 13 компания тандалды.
Тагыраагы, «Бессер-Центральная Азия» ААК, «Viva Tex» ЖЧК, «Интегра Хотел Инвестмент» ЖЧК, «Южный Комбинат строительных материалов» ЖЧК, «Южно-Кыргызский цемент» ЖАК, «Газпром Кыргызстан» ЖЧК, «Гласслэнд Компани» ЖЧК, «Ак-Бата» ЖЧК, «Прод Импекс» ЖЧК, «Бакай Банк» ААК, «Нур Телеком» ЖЧК, «Скайнет Телеком» ЖЧК, «Центр отдыха «Радуга плюс» мекемелери мыкты салык төлөөчүлөр деп табылды.
Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.