Өлкө аймагында бир жылда 250дөн ашык ала качуу фактысы катталды

 Өлкө аймагында бир жылда 250дөн ашык ала качуу фактысы катталды

Былтыр Кыргызстанда никеге туруу максатында 254 ала качуу фактысы катталып, алардын 84% сотко жеткен эмес. Бул туурасында ички иштер министрлигинен билдиришти.

Өткөн жылы жалпысынан 10 миң 151 зомбулук болгону катталып, 9038 убактылуу коргоо ордери (8463 аял, 264 бала) берилген.

Быйыл беш айда 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын бети ачылган. Милиция жылына 8-10 миң үй-бүлөлүк чыр-чатакты телефондон каттайт. Бишкектеги ооруканаларга айына үй-бүлөсүнөн запкы жеген 40-50 аял кайрылат.

Белгилесек, 25-ноябрдан тарта “Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк баштайт. Анын максаты – аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу.

Борбор 2020-жылы аялдардын укугун коргогон бир катар мыйзамдар кабыл алынганы менен өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн белгилейт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар