Өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлыкка көз карашыңыз кандай? Сурамжылоо

 Өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлыкка көз карашыңыз кандай? Сурамжылоо

Президент Садыр Жапаров кечээ 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союулушуна тыюу салган жарлык чыгарды. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына бул талап колунда барына  же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскертти.

Өлкө башчысы жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырды. Ошондой эле, каршы чыккандар дагы бар экенин белгилеп, буга байланыштуу 2019-жылы уулу каза болгондо “тоок дагы сойдурбай койгонун” мисал келтирди.

Бул жарлыкка сиздин көз карашыңыз кандай?

Жанылыктар