ОшТВ телерадиокомпаниясы

ӨКМге Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келди (видео)

 ӨКМге Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келди (видео)

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү автоунаалардын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Келе жаткан жылдын  февраль айына чейин дагы 58 автоунаа келет. Орусиядагы заводдон чыгарылган атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшкөн.

Буга чейин, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирген. Мындан тышкары Кытайдан алты мобилдик госпитал, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бекер берилерин айткан.

УЧУрда өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар.

https://fb.watch/a907HWWi4z/

Жанылыктар