ӨКМ: ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок

 ӨКМ:  ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок

“Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар экенин ишенимдүү түрдө айта алам”, – деп белгиледи   маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Анын айтымында, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген.

“Ал 230 миң үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда, 7 миң тоннага жакын ун дагы таркатылды. Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат”, – дейт ал.

Министр ошондой эле 1 млн кг кумшекер (сатылышы – 1 кг 70 сом) жана 500 миң литр өсүмдүк майын (1 литри 130 сом) соода түйүндөрүнө жеткирилип жатканын айткан.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда азык-түлүк боюнча туура эмес маалыматтар тароодо.  Россия жана Украинадагы окуялардын улам Кыргызстанда да азык-түлүк тартыштыгы жаралат деген  имиштер пайда болууда.

 

Жанылыктар