ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
28-январынан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.