ӨКМ: Чаткалда эки адамды кар көчкү басып каза болду

 ӨКМ: Чаткалда эки адамды кар көчкү басып каза болду

Чаткал районунда  кар көчкү басып калган эки кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык кечээ, 21-январда Жамгыр жана Мырзаш участкасында катталган. Анда эки жаранды ири көлөмдөгү кар көчкү басып калган. Алар Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, алар “Вертекс Голд” ишканасынын 30 жана 31 жаштагы кызматкерлери экени такталды.

Окуя болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, министрликтин беш куткаруучусу, “Вертекс Голд” компаниясынын үч бирдик унаа жүктөгүчү, эки эксковатор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзгөн. Саат 17:30да Токтогул районунун тургуну А.Жнын, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан табылган.

Учурда, каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда.

Жанылыктар